Жаңылыктар
Александр Масляковго «Достук» ордени тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Александр Масляковго  «Достук» ордени тапшырылды

Россияга болгон иш сапарынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков "Шайырлар жана тапкычтар" эл аралык кеңешинин президенти Александр Масляков менен жолугушуп, ага «Достук» орденин тапшырды. Мамлекет башчысы Александр Масляковго жогорку даражадагы сыйлыкты тапшырууга жагымдуу мүмкүнчүлүк пайда болгонун белгиледи. 

Сооронбай Жээнбеков шайыр тапкычтар клубунун жетекчисине элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө, таланттуу жаштарды колдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Президент КВНдин жайкы кубогун Кыргызстанда, Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү сунушун билдирип, Александр Масляковду Кыргызстанга чакырды. 

Өз кезегинде Александр Масляков Кыргызстандын президентине ыраазычылыгын билдирип, бул сыйлык КМШ өлкөлөрүнүн башка жаштары менен биргеликте КВН оюнуна өзүн арнаган Кыргызстандын жаштары үчүн дагы берилгенин белгиледи. Эске салсак, КВН Эл аралык кеңешинин президентин Достук ордени менен сыйлоо тууралуу жарлыкка 21-ноябрда Алмазбек Атамбаев кол койгон.