Жаңылыктар
Унааларга милдеттүү техникалык кароону киргизүү зарылдыгы жаралды
Кыргызстан жаңылыктары
Унааларга милдеттүү техникалык кароону киргизүү зарылдыгы жаралды

Унааларга милдеттүү техникалык кароону киргизүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Өкмөт башчынын айтымында мындай эреже Евразия экономикалык биримдигинин талабы болуп саналат. 

Унааларга милдеттүү техникалык кароо 2012-жылы өкмөттүн токтому менен жокко чыгарылган.

 Учурда коммерциялык багытта жүк жана жүргүнчү ташыган транспорт каражаттарын гана техникалык кароодон өткөрүү милдеттендирилген.