Жаңылыктар
Көп аялдуулук маселеси кайрадан кызуу талкууга түштү
Дин
Көп аялдуулук маселеси кайрадан кызуу талкууга түштү

Коомчулукта көп аялдуулук маселеси кайрадан кызуу талкууга түштү. Буга белгилүү дин аалымы, экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун интернет видео аркылуу экинчи аял алганын жарыялап, колунда бар эркектерди соопчулук үчүн андан үлгү алууга чакырганы себеп болду. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинде эки же андан көп аял алууга тыюу салынат. 

Жана мыйзамды бузган жарандарга эки жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.