“Таза Коом” программасынын алкагында санариптик билим берүүгө өтүүнүн артыкчылыктуу максаттары сунушталууда. Серепчилердин, адистердин кабыл алынган сунуш-пикирлери талдоого алынган соң тармактык стратегия иштелип чыгат.
Санариптик билим берүүнүн негизги багыттары боюнча тийиштүү министрликтин, өкмөт өкүлдөрүнүн, IT адистердин, эксперттердин жана билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин катышуусунда талкууга алынды.