Жаңылыктар
С.Жээнбеков: “Чет өлкөгө болгон сапарымдын Россиядан башталганы мен үчүн абдан маанилүү”
Саясат
С.Жээнбеков: “Чет өлкөгө болгон сапарымдын Россиядан башталганы мен үчүн абдан маанилүү”

“Мамлекет башчысы катары өзүмдүн алгачкы чет өлкөгө сапарымды Россияга жасаганым мен үчүн абдан маанилүү жана символикалуу”. Мындай пикирди Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков биринчи иш сапарынын алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

Мамлекет башчысы журналисттерге Орусиянын Президенти Владимир Путинге Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана биримдикти өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Алмазбек Атамбаев сыйлаган I даражадагы “Манас” орденин тапшыргандыгын айтып берди. 

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков Минскиде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышарын белгиледи. Жана отурумдун жүрүшүндө бардык мамлекет башчылар менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн айтты. 

Ошондой эле, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, бул маселе боюнча дагы сүйлөшүүлөр болорун билдирди.