Жаңылыктар
Сапар Исаков капиталдык оңдоодон өткөн Улуттук онкология борборунан кабар алды
Ден соолук
Сапар Исаков капиталдык оңдоодон өткөн Улуттук онкология борборунан кабар алды

Премьер-министр Сапар Исаков капиталдык оңдоодон өткөн Улуттук онкология борбордун административдик имараттарын, дарылоо бөлүмдөрүн жана аймагын көрүп чыкты. 

Өкмөт башчы белгилегендей, «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын келечектүү багыттарынын бири катары өлкө жарандарынын медициналык тейлениши, анын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Мындан сырткары премьер-министр жакынкы арада заманбап медициналык жабдуу сатылып алынарын эскертти. Бул жабдууларга «Центерра Голд» компаниясы менен түзүлгөн стратегиялык келишимдин алкагында 10 млн АКШ доллары бөлүнөт. 

Ошондой эле Сапар Исаков жана «Центерра» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри жаңы техника менен жабдыла турган медициналык залдарды кыдырып чыгышты. 

Мындан тышкары өкмөт башчы Улуттук борбордун аймагындагы балдар жана чоңдор үчүн онкогематология бөлүмүнүн курулушу менен таанышып чыгып, бардык тийиштүү иштер 2018-жылы сентябрга чейин жыйынтыкталышы керектигин айтты. Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга борборго караштуу аймакты көрктөндүрүү иштерин көзөмөлгө алууну тапшырды.