Жаңылыктар
Баткенде мыйзамсыз көмүр казгандар айыпка жыгылды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде мыйзамсыз көмүр казгандар айыпка жыгылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан 33 шахта аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы мыйзамсыз көмүр казуунун алдын алуу, кен казууда техникалык коопсуздук талаптарын камсыздоо боюнча жүргүзгөн рейд учурунда маалым болгон. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында 15 шахтанын башчылары административдик айыпка жыгылып, аларга казуу иштерин токтотуу талабы коюлду. 

Ошондой эле Кызыл-Кыя шаардык мэриясына жана Үч-Коргон айыл өкмөтүнө өздөрүнүн аймагындагы шахталардын ишинин мыйзамдуулугун, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.