Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн гиря спорту боюнча чемпионатта ата мекендик спортчулар эки алтын бир күмүш утуп кайтышты. Күч сынашууга 33 өлкөдөн 650дөй оор атлетчи барган.
Таймаш эркектер жана кыз келиндер болуп эки багытта өтүп, спорт ышкыбоздору, чеберлер менен тажрыйбалуу ардагерлер катышты.
Алтынды Нурлан Айдаров менен ардагер Александр Петров багынтса, күмүштү чеберлер арасынан Екатерина Старикова тагынып кайтты.Чемпиондорду алгачкылардан болуп биздин чыгармачыл топ куттуктап келишти.