Жаңылыктар
Чек арадагы абалдан улам Казакстанда азык-түлүк баасы кымбаттады
Чек ара
Чек арадагы абалдан улам Казакстанда азык-түлүк баасы кымбаттады

Кыргыз - казак чек арасындагы абалды эки өлкөнүн адистери видео көпүрө аркылуу талкуулады. 

Кыргыз тарап эки эл боордош экенин белгилеп, чек арадагы чыңалуу Евразиялык экономикалык биримдикке көлөкө түшүрүп жатканын жана кырдаалды тез арада жөнгө салуу зарыл деп билдирди. 

Ал эми казак эксперти Таисия Мармонтова Кыргызстандан товар алып кирүү жаатында жаралган көйгөйлөрдөн улам Казакстанда азык-түлүктүн баасы 10 пайызга өсүп кеткенин айтты. 

Тараптар мамилеси сууган эки өлкөнүн карым-катнашын баштапкы абалга алып келүү тууралуу пикир алышты. 10-октябрдан тартып Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. Андан улам жүк ташыган унаалар шыр өтө албай, бир нече чек ара тилкесинде чакырымга созулган кезек күтүүгө дуушар болушууда.

"Кыргызстан менен Казакстан бири-бирине жакын боордош өлкө. Азыр эң башкысы чектен чыкпоо керек. Биз 2 айга созулган чыңалууну тез арада чечип, жакындыгыбызды далилдейли. 10-октябрга чейин эт-сүт азыктарын ташыган жүк ташуучу унаалар эч кандай тоскоолдугу жок өтүп турган. Тараз, Алмата шаарлары биздин товарларга муктаж. Биз башка жолун таап, экспорт кылсак деле болот. Бирок Казакстан жакын турганда анын эмне кереги бар."-деп билдирди Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев.