Жаңылыктар
Кыргызстан мыйзам менен жашаган мамлекет болуунун жолунда
Саясат
Кыргызстан мыйзам менен жашаган мамлекет болуунун жолунда

Кыргызстан укуктук, мыйзам менен жашаган мамлекет болуунун жолунда. Бул тууралуу Президент АлмазбекАтамбаев 12-мартта Бишкектеги Ботаникалык сейил багында бак тигүү иш-чарасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Өлкөдө кайрадан төңкөрүштү каалаган күчтөр алар оппозия эмес, алар эл бузарлар, эл душмандары дейт Өлкө башчы. Талдоочулардын белгилөөсүндө, Кыргызстан эбак эле көчөгө чыгып митинг өткөрүп, бийликке каршы чыгуу жолуп басып өткөн. Тынчтык жолу менен Парламент аркылуу өз ойлорун билдирүүсү керек.

Борбор калаадагы Ботаникалык сейил багын тазалоо учурунда Президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин берген суроолоруна жооп берип жатып, Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр жана боло турчу митингдер тууралуу пикирин билдирди. Мына оппозиция деп айтып жатасыңар. Кыргызстан акырындан башка укуктук мамлекет болуп баратат. Маселен  Германияны ала турган болсок ал жакта эң күчтүү партиялар парламентте отурат. Алар чогулуп, коалиция түзүп, чогуу иштеп жатат.  Германияда эч  көчөгө чыгып кыйкырбайт. Ошондуктан, бизде да оппозиция, пропозиция биригип иштегени жакшы – дейт Мамлекет башчы.

Ошону менен бирге Өлкө башчы мамлекетте кемчиликтер бар экендигин айтты. Кемчиликтер айтылып туруш керек. Бирок чогулуп туруп, төңкөрүш кылам дегендер алар оппозиция эмес, алар эл бузарлар, элдин душмандары. Алардын максаты чөнтөктөрүн толтуруу.

Көчөгө чыгып кыйкырып, митинг же ачкачылык уюштуруу менен өз позициясын билдирүү мезгили өттү. Кыргызстан учурда Парламенттик башкарууга өтүүсү менен оппозицияны мыйзамдаштырып койгон мамлекетте жашап жатабыз деген пикирин, белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Жыпар Жекшеев билдирди. Учурда оппозициялык күчтөр парламент аркылуу өз ойун ачык айтып, бийликти сындоо менен бирге өз салымын кошо алат.

Саясий илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун пикиринде, Кыргызстанда Акаевди же Бакиевди кулатуу үчүн куралган топтой күчтүү оппозиция жок. Эл да чарчап бүткөн. Көбүнчө оппозицияга бийликке жетпей же кызматка таарынган адамдар өтүп кетип жатат.

Эске салсак, Кыргызстанда ай башында бир катар саясатчылар “Кыргызстандын бирдиктүү оппозициялык күчүнө” биригүү тууралуу чечим кабыл алды. Ага “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев менен Бегалы Наргозуевдин “Каршылык көрсөтүү кыймылы”  жана “Ата-Журт” партиялары кирген. Бул коомөлкөнүн өнүгүшүн жана реформаларды каалаган партиялар үчүн эшиги ачык экендиги айтылып, өлкөдөгү саясий жана экономикалык кризистен чыгуу үчүн бийлик бутактарына өзүнүн талаптарын койуп жаткандыгы айтылууда. Ошондой эле, 24-мартта Ош шаарында «Эл Үнү» коомдук саясий кыймылытарабынан уюштурулуп жаткна элдик курултай боло тургандыгын ага, өлкөнүн оппозициялык күчтөрүнөн өкүлдөр катыша тургандыгы кабарланууда.