Жаңылыктар
Узак мөөнөттүү стратегия
Кыргызстан жаңылыктары
Узак мөөнөттүү стратегия

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын аткаруунун алгачкы жылдарында 90 улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Алар “Таза суу”, "Ирригация", “Таза коом”, "Энергетика", "Транспорт жана байланыш", "Жаратылышты коргоо" багытындагы долбоорлор. Президент Сооронбай Жээнбеков 15-февралга чейин стратегияны толук иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата улуттук стратегиясынын натыйжалары коомчулукта талкууланууда. Талдоочулардын баамында бул документтин аткарылышынын эң негизгиси өлкөгө туруктуулук алып келип, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылды.

Шайлоо системасы өзгөрдү. Бул келечектеги ийгиликтерге көпүрө болуп берет. Бирок бул ийгиликтер Кыргызстан үчүн жетишсиз. Андыктан жаңы максаттар коюлууда. 15-ноябрда Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки убакытты камтыган улуттук стратегиясынын концепциясы кабыл алынган. Жумушчу орундарды түзүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, айтор экономиканы өнүктүрүүнүн бардык багыттары эске алынды. 

Узак мөөнөттүү улуттук стратегиянын алгачкы этабында “Таза суу”, "Ирригация", “Таза коом”, "Энергетика", "Транспорт жана байланыш", "Жаратылышты коргоо" жана өндүрүштүк-логистикалык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Экономика министрлиги бул үчүн каржы булактары аныкталып жатканын билдирет. Алгач экономиканын түрдүү багыттарында 90 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максат кылынган. Ал узак мөөнөттүү стратегиянын 2018-2023-жылдарды камтыган “Жаңы доорго - кырк кадам” программасына киргизилди. Азырынча жалпы стратегиянын концепциясы гана даяр. Мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык документтин толук варианты 15-февралга чейин иштелип чыгыш керек.