Жаңылыктар
Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушуна жаратылыш газы берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушуна жаратылыш газы берилди

Жалпы 8 миңден ашык калкы бар конуштун жарымынан көбү көгүлтүр от алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Калкты жаратылыш газы менен толук камсыз кылуу үчүн жаңы көзөмөлдөөчү пункт курулган. Бүгүн 70 үйдүн кожойкелери кечки тамакты көгүлтүр отко бышырышты. Маалыматтарга караганда, 2030-жылга чейин өлкөнүн калкын газ менен камсыз кылууну үч эсеге көбөйтүү пландары бар. 2016-жылдын жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын 10 жаңы конуштары газдаштырылды. Кезекте Кара-Жыгач конушу.  Көгүлтүр от эң эле биринчи Нургүл Султанованын үйүнө кирди. 

Ал газга чай кайнатып, иш-чарага келген конокторду тосту. Жаратылыш газынын келиши менен тургундардын күнүмдүк тиричилиги жеңилдеди. Эң эле биринчи кезекте электр энергиясына күч келбей турган болду. Ири конуштарды газдаштыруу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын инвестициялык программасынын негизинде ишке ашты. Азыр Кыргызстан калкынын 26 пайызы жаратылыш газы менен камсыз болгон. “Газпром Кыргызстан” ишканасынын стратегиялык программасына ылайык, 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 60 пайызга чейин жеткирүү каралган.