Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек ара аймагында курулган үйдү тажик тарап кайра буздурду
Чек ара
Кыргыз-тажик чек ара аймагында курулган үйдү тажик тарап кайра буздурду

Кыргыз-тажик чек ара аймагында курулган үйдү тажик тарап кайра буздурду. 

Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматта айтылгандай, октябрь айында Тажикстандын Ворух айылынын тургуну Кыргызстандын Ак-Сай айылынын Кожоган аймагына шарттуу чек арадан 200 метрдей ичкери кирип үй куруп алган. Курулган үйгө жер асты менен 300 метрдей электр зымын да тартып барган. 

Бул маселе боюнча эки тараптын жергиликтүү бийликтери жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин Тажикстандын Исфара районунун жетекчилиги мыйзамсыз аракетин моюнга алып, үйдү бузуп алып кетүүгө макул болду.