Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен төртүнчү адам Кайрат Жанботоевди кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Ал 1-декабрда таңкы саат төрттөр чамасында Москва районунун Спартак айылынын четинде ыкчам-издөө чараларынын жыйынтыгында кармалган. Жанботоев 1989-жылы туулган, Чүй облусунун тургуну.
Кылмыш кодексинин адам өлтүрүү беренеси боюнча иш козголуп, шектүү камакка алынган болчу. Учурда Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качып кеткендердин баары кармалды. Төрт адамдын убактылуу кармоочу жайдан качып чыгышына байланыштуу прокуратура милиция кызматкерлерине “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Шалаакылык” беренелери боюнча кылмыш иши козгоду.