Фарид Ниязов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Муну ырастаган Жарлыкка мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Фарид Ниязов буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, кийин президенттик аппараттын жетекчиси болуп иштеген.
Ал эми соңку кезде КСДП партиясынын төрагаcынын биринчи орун басары болуп турган.