Жаңылыктар
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Музуралиев кызматтан кетти
Саясат
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Музуралиев кызматтан кетти

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Музуралиев кызматтан кетти. Ал мындай билдирүүсүн 30-ноябрдагы шаардык кеңештин сессиясында жарыялады. Музуралиев кайрылуусунда: «Мени колдогон депутаттарга, өзүмдүн фракцияма ыраазычылык билдирем. 

Мында эч саясат жок. Менин арызымды кабыл алууңуздарды суранам,» — деген. Канатбек Музуралиев жазган арызында көпчүлүк коалициясынын ишмердүүлүгүнүн 2017-жылдын 4-декабрынан тартып токтотулушуна байланыштуу Бишкек шаардык төрагасы кызматынан бошотуп коюуну өтүнгөн. Шаардык кеңештин депутаттары төраганын арызын бир добуштан кабыл алышты.