Жаңылыктар
Памирлик кыргыздар уул-кыздарын Кыргызстанга билим алууга жиберүүгө даяр
Билим
Памирлик кыргыздар уул-кыздарын Кыргызстанга билим алууга жиберүүгө даяр

Памирлик кыргыздар уул-кыздарын Кыргызстанга билим алууга жиберүүгө даяр. Бул тууралуу Памирден келген этникалык кыргыздардын тобу Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова менен болгон жолугушууда билдирди. 

Алар Нарын облусуна отурукташкан туугандар менен жолугуп, жашоо-шарты менен таанышканын, билим алып жаткан балдары менен учурашканын айтышты. Кошумчалай кетсек үч ай мурда Памирден келген 33 үй-бүлө Нарын облусуна келип отурукташкан. Аларга “кайрылман” макамы берилген жана учурда коомго аралаштыруу жумуштары жигердүү жүрүп жатат. Чолпон Султанбекова өкмөт бул багыттагы ишти улантаарын белгиледи. Ошондой эле Вице-премьер-министр мекендештерге чакан белектерин тапшырды.