Жаңылыктар
Президент Атамбаев ишембиликке катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Атамбаев ишембиликке катышты

Өлкө Президенти Алмазбек Атамбаев аптанын этегинде 12 мартта Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык сейил бакта ишембиликке катышты. Өлкө башчысы менен кошо бакка көсчөт отуругузуу үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы жана Өкмөт башчысы, ошондой эле Бишкек мэри келишти. Ишембиликте 100 көчөт отургузулду. Иш чарада өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев шаардын тазалыгына байланышкан маселелер тууралуу журналисттер менен ой бөлүштү. 

Аптанын ишембисинде өлкө жетекчилери маанилүү маселелерди талкуулаган жыйында эмес, кадимки эле бакта жолугушту.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Өкмөт башчысы Темир Сариев, колуна күрөк кармап, Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакта бак отургузду. Андан сырткары анын чет жакасын тазалоо иштерине катышты.

Ошондой эле, ишембиликке Бишкек мэри Албек Ибраимов жана министрликтер менен мамлекеттик мекеменин жетекчилери жана жумушчулары да чыгышты.

Гареев багы Бишкектин эң бир кооз жерлеринин бири болуп саналат. Азыркы күндө бак Борбор Азия жана КМШ мамлекеттеринин ичинен өсүмдүк жана дарактардын түрдүүлүгү боюнча алдынкы орунда турат.

Деген менен акыркы маалдарда ага тиешелүү денгээлде көңүл бурулбай, кароосуз калган. Ошондуктан дал ошол жерде ишембилик өткөрүүнү чечишкен.

Белгилеп кетүүчү жагдай, Ботаникалык бакта дарактын жана кырчын, бадалдын эки жарым миңден ашуун түрү, гүлдөрдүн жана ар кандай өсүмдүктөрдүн үч жарым миңдей түрү бар. Мындан сырткары селекциялык мөмө берүүчү 8 миңдей дарактын түрү өсөт.