Жаңылыктар
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңеши жыйынтыкталды
Саясат
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңеши жыйынтыкталды

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 16-отуруму жыйынтыкталды. Жолугушуунун жыйынтыгында ШКУ бюджетин бекитүү жөнүндө, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар документтерге кол коюлду.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 16-жыйынынын күн тартибине уюмдун мүчөлөрүнүн ортосунда соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты мындан да тереңдетүү маселеси коюлду.
Ал көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын жайылтуу жана ШКУнун алкагында долбоорлорду мындан ары өнүктүрүү боюнча 2021-жылга чейинки мезгилде ишке ашыруу.



Жыйын биринчи жолу “сегиздик” форматта - Индия жана Пакистандын катышуусунда өттү. Эки мамлекет ШКУга июнь айында өткөн Астанада мамлекет башчыларынын саммитинде толук укуктуу мүчө болгон.

Муну менен ШКУ аймактарды бириктерген ири уюмдардын бирине айланды. Уюмдун аймагы жер планетасынын 23 пайызга жакынын, ал эми андагы мамлекеттерде жашаган калк дүйнө элинин 45% түзөт. Шанхай кызматташтык уюмунун курамынын кеңейиши саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда күчтүү жана таасирдүү болушун камсыздайт.

Жолугушуунун катышуучуларын Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев тосуп алды. Акыркы эки жылдан бери уюмга Орусия төрагалык кылып келүүдө. Жыйында сөз сүйлөгөн кыргыз премьери Сапар Исаков уюмга мүчө мамлекеттер көп тараптуу экономикалык жана инвестициялык кызматташууну натыйжалуу ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Бул максатта, түрдүү тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди жасоо керек.