Жаңылыктар
Атамбаев башкарган алты жылда...
Саясат
Атамбаев башкарган алты жылда...

Мындан туура алты жыл мурда Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкен. Ал 2011-жылдын 1-декабрында өткөн инаугурацияда коррупцияга каршы күрөшүп, адилеттүү коомду түзүүгө убада берген. Талдоочулар ал башкарган алты жылда өлкөдө бир катар өзгөрүүлөр болгонун белгилейт.


2011-жылдын 1-декабры. Шайлоодо жалпы элдин тандоосу менен жеңишке ээ болгон Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы катары ант берип жатып элдин ишенимине ээ болгон бийлик түптөлөөрүн билдирген. Андан бери алты жыл өттү. Бул убакыт аралыгында бийликтин бардык бутактарындагы коррупцияга шектелген атка минерлер жазаланды.



Көпчүлүк Атамбаев башкарган алты жылда аткарылган иштер катары энергетика тармагындагы долбоорлорду, ири жолдорду куруу, аскердик реформаны жүргүзүү өңдүү иштерди мисал келтиришет. Мекен чегинде кызмат өтөөнү каалагандардын көбөйүшү дал ушул мамлекеттин армияга болгон мамилеси оң жакка өзгөргөнүнөн кабар берет. Ондогон көп кабаттуу үйлөр курулуп, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин турак-жайга болгон муктаждыгы жоюлду.

Атамбаев өз оюн эркин айткан мамлекет башчысы катары эсте калды. Айрым учурларда өлкө намысы, кызыкчылыгы үчүн эл аралык уюмдар менен да талашып-тартышууга туура келди. Шайлоону таза, акыйкат өткөрүүнү Атамбаев президенттик кызматтагы эң негизги максаты экенин кайталап келген. Бул заманбап технологиялардын жардамы менен ишке ашты. Мурдагы бийликтегилерден айырмаланып, анын башкаруу мезгилинде президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө далалат жасалган жок. 

Тескерисинче парламенттин таасирин күчөтүүгө аракеттер көрүлүп турду. Атамбаев алты жылда 6 өкмөт менен иштешип, мурда белгиленгендей биринчи декабрда эмес, андан бир апта эрте кызматын өткөрүп берди. Бийликти мыйзамдуу жол менен колго алган жаңы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков алгачкы жарлыгы менен Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгарды.