Жаңылыктар
Ички иштер органдары боюнча жаңы мыйзам иштеп чыгарылат
Саясат
Ички иштер органдары боюнча жаңы мыйзам иштеп чыгарылат

Ички иштер органдары боюнча жаңы мыйзам иштеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүлөт. Депутат айымдардын Ысык-Көлдө өткөн форумунда милицияны реформалоо маселесине көңүл бурулду. Жыйында тартип сакчыларынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу элдин пикирлери да эске алынып, милициянын ар аймактардагы башкармалыктарына берилген баа белгилүү болду.

Депутат айымдар аялдардын көйгөйлөрүнө, балдар арасындагы маселелерге көңүл буруп келишсе, бул жолку форумда милициянын ишмердүүлүгүнө кайрылышты. Жыйынга катышкан тартип сакчыларынын эл өкүлдөрүнө берген негизги сунушу  социалдык колдонууну кеңейтүү. Форумга жетекчилик кылган депутат Айнуру Алтыбаева Ички иштер түзүмүндөгү негизги көйгөй аны менен чектелбестигин белгилейт. Атайын мыйзам иштеп чыгуу зарылчыгы бар. Бул үчүн өкмөттө же Жогорку Кеңеште атайын жумушчу топ түзүлөт.

Форумга эл өкүлдөрү менен тартип сакчылары гана эмес, жарандык коомдун өкүлдөрү да катышты. Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн баамында реформаны бирге ишке ашыруу үчүн Ички иштер министрлиги ачык болбой жатат. Ал эми министрдин орун басары Курсан Асанов мекеме кызматташууга даяр экенин билдирет.

“Биз учурда жакшы жакка өзгөрүү үчүн сержанттан генералга  чейин даяр болуп турабыз. Айрымдардын кызматташуу аянтчасы  жок деген пикирине кошулбаймын. Министрлик  учурда мурда болуп көрбөгөндөй ачык. Элге жакын”.

Министрлик элге жакын болуу үчүн калк арасында түрдүү түшүндүрүү иштери жүрүп, жолугушуулар өтүп келгенине ишендирет. Бирок форумда Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун жүргүзгөн изилдөөлөрү жарыяланып, анда эл менен тартип сакчыларынын ортосундагы ажырым толук жоюла электиги айтылды.  Милициянын калк арасындагы жолугушууларынан күмөн санаган депутат Лунара Мамытова эл пикирин эске алууга чакырат. 

Улуттук статистикалык комитетет менен ЕККУнун иликтөөлөрүн бирге салмактаганда Баткен шаарынын милициясы “мыкты” деп табылды. Ал эми Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн көрсөткүчтөрү эң төмөн. Жыйынтык чыгарууда иштеги оң жакка өзгөрүүлөр, кайрылуулардын канаттандырылуусу жана милицияга болгон жеке ишенимдер эске алынган. Абалды оңдоо үчүн тартип сакчыларын окутуп, даярдыктан өткөрүү, маянаны жогорулатып, социалдык колдоону ишке ашыруу, кызматка кабыл алууда талаптарды күчөтүү сунушталды. Ошондой эле инновациялык долбоорлордун да пайдасы тиери айтылды. Ысык-Көлдөгү форумдун соңунда Ички иштер министрлиги өз  түзүмүн реформалоо үчүн аракеттерди күчөтүшү керек деген чечим кабыл алынды. Депутат айымдар эми бул маселени май айында Жалал-Абад шаарында талкуулашат.