Жаңылыктар
Өзгөндө жаңы конушка которулгандардын абалы кандай?
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөндө жаңы конушка которулгандардын абалы кандай?

Президент Сооронбай Жээнбеков быйылкы жазда турак-үйү жер көчкүнүн астында калган Өзгөндүн Курбу-Таш айылынын 18 жаштагы тургуну, багар-көрөөрү жок Жаныш Иманжановго 200 миң сом материалдык жардам көрсөттү.

Азыркы тапта, жаздагы жер көчкүлөрдөн жабыркап, жаңы конушка отурукташкан жарандардын 86сынын турак-үйүнүн чатыры жабылып бүтсө, 46 үй-бүлө мүчөлөрү жаңы үйлөрдө жашап жатышат.

Мындагы жаңыдан өздөштүрүлгөн аймакка Өзгөн районундагы ар кандай жаратылыш кырсыктарынан улам орун которуп келген жарандардын жашоо-турмушуна зарыл болгон шарттардын баары каралган.


Өзгөн районундагы ар кандай жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 28 млн.сомдон ашуун акча каражаты топтолгон. Бул каражат жалпысынан жабыр тарткан 72 үй-бүлөгө атайын комиссиянын чечиминин негизинде, үч транш менен бөлүштүрүлүп берилди. Жабырлануучуларга экс-президент Алмазбек Атамбаев да 5 млн. 200 миң сом каржылык колдоо көрсөткөн.

Өзгөн районундагы ар кандай жаратылыш кырсыктарынан улам, 1039 үй-бүлө орун которууга тийиш деп табылган. Жарандарды коопсуз аймакка жайгаштыруу үчүн жазында мамлекет 219 гектар жер аянтын трансформациялап берген. Учурда 200дөн ашуун үй-бүлө дале болсо кооптуу аймактарда жашап жатканы маалым болду. Ушул себептүү, жергиликтүү бийлик 83 үйдүн ээсине карата Өзгөн райондук сотуна арыз жөнөттү.