Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасы мурдагы тартипте иштей баштады
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасы мурдагы тартипте иштей баштады

Жол картасынын акыркы варианты Астанада талкууланып, ага кыргыз тараптан вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, ал эми коңшу өлкөдөн өкмөт башчысынын орун басары Аскар Мамин кол коюшту. Документке ылайык, 3-декабрга караган түнү саат 12ден тарта көзөмөл-өткөрүү бекеттери мурдагы тартипте иштей баштамак.

Бирок, ал андан алты саатка эрте ишке ашты. 10-октябрдан бери саат сайын 3төн гана жүк ташуучу унаалар өткөрүлүп келсе, эми 15тен ашуун унаа өтө баштады. Бул арада Чүйдүн Ак-Тилек жана Таластагы Чоң-Капка көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кезек күткөн жүк ташуучу унаалар дээрлик жокко эсе болуп калды. 

Эки өлкө жетекчилигинин макулдашуусуна ылайык унаалар түнкү саат 12ден тартып тоскоолдуксуз өтөөрү расмий кабарланган. Бирок бул андан алты саатка эрте ишке аша баштады. Биз турган “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайынан дал ушул алты сааттын ичинде кезек күткөн жүзгө жакын жүк ташуучу унаа өткөрүлдү.

Чек арада унааларды кезек күттүргөн көрүнүш 10-октябрдан бери уланып келди. Ортодон 5-7-ноябрь күндөрү гана абал бир аз жеңилдеген. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына таянсак, 3-декабрда бардык чек ара бекеттеринде жүк ташуучу унаалар Казакстан тарапка тоскоолдуксуз өтүүдө.