Жаңылыктар
Т.Бирназаровдун тасмасы Таллинде өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңди
Маданият
Т.Бирназаровдун тасмасы Таллинде өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңди

POST1RIGHT

Кыргызстандык режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү авария” тасмасы Таллинде өткөн “Караңгы түндөр” эл аралык кинофестивалында баш байгени жеңип, 10 миң евро менен сыйланды. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары кабарлашты. 

Анда баш байге үчүн 18 тасма ат салышкан. Бирназаровдун кинолентасында түнкү жол кырсыгында жараат алган кызга кам көрүп жатып ага ашык болгон улгайган киши жөнүндө баяндалат. 

“Караңгы түндөр” кинофестивалы 1997-жылдан бери өтүп келет. Ал дүйнөдөгү 20 абройлуу фестивалдын катарына кирет.