Жаңылыктар
Каракол шаары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болду
Кыргызстан жаңылыктары
Каракол шаары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болду

Каракол шаарында элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн калкты тейлей турган жаңы алты борбор иштей баштады. Эми бул борбордон ар бир абонент электр энергиясына байланышкан бардык маселелер тууралуу жооп ала алат. Буга чейин кардарлар электр энергиясына кошулуу, келишим түзүү жана башка маселелер боюнча шаардын ар тарабында жайгашкан бөлүмдөргө чуркап убара тартса, эми алар бириктирилип, бир борборго чогултулду. 

Энергетиктердин маалыматында мындай борбор азырынча Ысык-Көл облусунда гана иштеп жатат. Жакын арада муну Нарын облусунда да ишке киргизүү пландалууда.