Жаңылыктар
Жерде жаткан баланы ичке тепкен киши кармалды
Кылмыш
Жерде жаткан баланы ичке тепкен киши кармалды

Бишкектин милициясы 2-декабрда жерде жаткан баланы ичке тепкен кишини кармады. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Октябрь райондук ИИБнин кызматкерлери интернетке жарыяланган видео боюнча ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, баланы тепкен кишини ошол күнү кечинде кармашкан. Эске салсак, социалдык тармактарга кызыл күрмө кийген киши бөбөктү ичке тепкен видеосу тарап кеткен. 

Милициядан маалымдашкандай, окуя Бишкек шаарынын "Улан-2" кичи районунда болгон. Кармалган шектүү адам баланын атасы, 1967-жылы туулган шаар тургуну болуп чыккан. Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Бейбашчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.