Жаңылыктар
Чубак ажы Жалилов милицияга сурак берди
Дин
Чубак ажы Жалилов милицияга сурак берди

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов милицияга сурак берди. Бул тууралуу анын жактоочусу Акин Токталиев билдирди. Анын айтымында, Чубак ажы Чолпон-Атадагы санаторийлердин биринде дарыланып жаткан жеринен Бишкекке милициянын коштоосунда алып келинген. Сурак 2-декабрда болуп, эртең мененки саат тогуздан 15ке чейин, алты саатка созулду. Токталиев милиция Чубак ажыны прокуратуранын көрсөтмөсү боюнча суракка алганын айтып, башкы көзөмөл органына айрым депутаттар арыз менен кайрылганын кошумчалады. 

Сурак аяктагандан кийин Чубак ажы Жалилов, "тергөөчү менен прокурор чакырса убагында келип турам" деп тил кат жазып берген. Ал эми милиция сурак боюнча кийинчерээк толук маалымат берилерин айтты. Белгилей кетсек, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын ачыктагандан кийин, коомчулукта катуу талкуу жаралган. Айрымдары буга дин уруксат берерин жүйө келтирсе, башкалар "мыйзамды аттап өттү" деп укуктук жактан баа берүүнү талап кылып, прокуратурага кайрыларын билдиришкен.