Жаңылыктар
“Өзгөчө комбинациядагы” автоунаа номери сатылды
Кыргызстан жаңылыктары
“Өзгөчө комбинациядагы” автоунаа номери сатылды

Мамлекеттик каттоо кызматы ноябрь айында “Инфоком” мамлекеттик ишканасы аркылуу 35 “өзгөчө комбинациядагы” автоунаа номерин сатты. Анын ичинде 01 777 AAP номери 198 миң сомго сатылган. 

Бул тууралуу Мамкаттоонун маалымат кызматы билдирди. 

Жалпысынан ноябрь айында Мамлекеттик каттоо кызматы “өзгөчө номерлерди” сатуудан 716 миң сом киреше тапты. Эске салсак, 2015-жылы декабрдан тарта Кыргызстандагы автоунаа номерлери жаңы таризде жасала баштаган. 

Анда аймактарга жараша, көнүмүш адатка айланган тамгалар сандар менен алмашкан.