Жаңылыктар
Грузин виносу Гиннес китебине киргизилди
Дүйнө
Грузин виносу Гиннес китебине киргизилди

Грузин виносун жасоо ыкмасы дүйнө жүзү боюнча эң байыркы деп аталып, Гиннес китебине киргизилди. Бул тууралуу "РИА Новости" уюмдун расмий сайтына таянып жазып чыкты. Маалыматка ылайык, археологдордон түзүлгөн топ Тбилисиден 50 чакырым алысыраак эки жерде казуу иштерин жүргүзгөн. 

Бул аймактар болжол менен биздин заманга чейинки 6000-5800-жылдарга таандык. Казуулардын жүрүшүндө археологдор ичинде суюктук сакталган эки идиш тапкан. Химиялык изилдөөнүн натыйжасында алардын ичинде буга чейин шарап сакталганы аныкталды. Буга чейин шарап жасоонун байыркы каадасы Иранга таандык деп айтылып жүргөн. Алар винону биздин заманга чейин 5400-5000-жылдары даярдап баштаган.