Жаңылыктар
"Айыл деми" медиа-долбоору эл аралык сыйлыкка татыды
Кыргызстан жаңылыктары
"Айыл деми" медиа-долбоору эл аралык сыйлыкка татыды

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча элеттиктер үчүн медиа айдыңындагы маалымдоону туруктуу өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Айыл деми” медиа-долбоору “Energy Globe Award 2017” аттуу улуттук сыйлыкка ээ болду. 

Австрия элчилигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө дүйнөлүк атактуу сыйлыктын күбөлүгүн тапшыруу аземи болуп өттү. “Айыл деми” гезитинин редакция мүчөлөрүнө Улуттук сыйлыктын күбөлүгүн тапшыруу үчүн Австриянын Казакстандагы, Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Түркмөнстандагы Соода бөлүмүнүн башчысы жана Соода иштеринин кеңешчиси Михаэль Мюллер атайын өзү келди. 

Жолугушууда ал элеттиктер үчүн максаттуу маалымдоонун ролун жана салымын баалап өтүп, жашыл дүйнөнүн биотүркүмдүүлүгүн сактоону туруктуу өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн гезиттин кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирди. 

Редакциянын кызматкерлери гезиттин жаралуу тарыхы тууралуу маалымдап, 7 жыл ичинде жасалган иштери тууралуу баяндап беришти. Бул жылы “Айыл деми” медиа-долбоору жеңүүчү болгон “Energy Globe World Awards” сынагына ээ болуу үчүн дүйнө жүзүндөгү 170 өлкөнүн өкүлдөрү күч сынашкан.