Жаңылыктар
КТРКнын кызматкерлерине алкыш жарыяланды
Маданият
КТРКнын кызматкерлерине алкыш жарыяланды

Кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенттин шайлоого даярданууга жана өткөрүүгө активдүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык премьер-министр Сапар Исаковдун атынан КТРКнын бир катар кызматкерлерине жана дагы башка мамлекеттик кызматкерлерге жана журналисттерге алкыш жарыяланды.

Алардын ичинде: Султанов Руслан Раимбековичке - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;

Тукеев Бактияр Жекшеновичке - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Маалымат чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмесинин шеф-редактору;

Бокошева Миргуль Камиловнага  - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо 24" студиясынын баяндамачысы.