Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасындагы жагдай жөнгө салынды
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасындагы жагдай жөнгө салынды

Кыргыз-казак чек арасында жагдай жөнгө салынды. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы бардык чек ара өткөрүү жайларында жол ачык. 2 айга жакын убакыттан бери чечилбей келе жаткан маселе эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында калыбына келди. 

Коңшу өлкөгө кирчү жолдор толугу менен ачылган. Болгону “Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда 10 чакты жүк ташуучу унаа турат. Бирок алар кезек күткөндөр эмес, кай бири унаасын оңдоп жатса, жүктүн келишин күткөнү бар, айрымдарынын документтери туура келбей орто жолдо калган. Кыйын күндөр артта калды, айдоочулар 2 ай бою колдоо көрсөтүлгөнүнө ыраазы. 

Чек арадагы абал 2-декабрдан 3чүнө караган түнү турукташкан. Жол ачылган соң, “Ак-Тилек” өткөрүү пунктунан таң атканча 320 унаа өткөн. Дем алыш күнү калган 200дөн ашык унаа чек араны ашкан. Мурун саатына сегиз машинага чейин гана өтүп жатса, учурда15-20га жеткен. 

Эске салсак, кыргыз-казак чек арасындагы абал 10-октябрдан тарта кыйындай баштаган. Казакстан тарап жолду толук жаап албаса дагы, каттаган жүк ташуучу унааларды текшерүүнү күчөтүп, 2 айга жакын убакыт кыйынчылык жаралган. 30-ноябрда Минскиде өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынында президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев жолугушуп, чек арадагы кырдаалды чечүүнүн шартын макулдашкан.