Жаңылыктар
Талас: Чон-Капка өткөрмө бекетинде кезек күткөндөр жок
Чек ара
Талас: Чон-Капка өткөрмө бекетинде кезек күткөндөр жок

Таластагы Чон-Капка өткөрмө пунктунда дагы эки күндөн бери жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны байкалган жок. Чек ара толук ачылган 2-декабрдан 3-декабрга караган түнү бул өтмөктөн 70тен ашуун жүк ташуучу унаа өткөн. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча Чон-Капкадан күнүнө 20дан ашык жүк ташуучу автоунаа өтөт. 

Булар кыргыз-казак Чонкапка өтмө пуктунан өтүп жаткан жүк ташуучулар. Эки күндөн бери бир нече жүк ташуучулар тынымсыз өтүп жатканына кубанышууда. Бул өткөрмө пукттан Европага кетүүчү азыктарды ташыган эл аралык маанидеги автоунаалар айрыкча арбын өтүшөт.

Мындагы айдоочулар айрым учурда күнүнө эки жолудан ашык өтүп жүрүшөт. Акыркы 1 ай -1,5 ай ичинде айрыкча жук ташыган автоунааларга айрыкча кыйын болгон. Тиричилик кылууда абал начарлап кеткенин айтышууда.

Акыркы 1 ай-1,5 ай ичинде облустагы азыктарды экспорттоо, импорттоо аракеттерине чек арадагы абалдын таасири анча-мынча сезилгенин облус жетекчилери белгилешүүдө. Ага карабай, азыктарга болгон бааларды көзөмөлгө алуу, импорттук товарлардын танкыстыгына жеткирбөө аракеттери өкмөт тарабынан тынымсыз жүруп турган.

Белгилей кетсек, Казакстандын Жамбыл облусу менен чектешкен Чон-Капка пунктунан кунунө 1000ден ашуун адам, 500го жакын автоунаалар өтөт. Талас облусу өндүргөн Кыргызстандын эн ири экспорттоочу азыгы төөбуурчак, сүт азыктар ташылат. Ал эми коншу Тараз шаарына айыл чарба азыктарынын баардык түрү чыгарылат.