Жаңылыктар
Россиянын кара тизмесиндеги кыргызстандыктардын саны 30 пайызга кыскарды
Кыргызстан жаңылыктары
Россиянын кара тизмесиндеги кыргызстандыктардын саны 30 пайызга кыскарды

Кыргызстан чет өлкөлөр менен маданий алаканы гана чыңдабастан, экономикалык биримдиктин алкагында дагы кызматуушуну тереңдетип, анын негизинде Орусиянын кара тизмесиндеги кыргызстандыктардын саны 30 пайызга кыскарды. Кыргызстан ЕАЭБке мүчө болуп киргенден бери эмгек мигранттарынын ити чөп жей баштады. Кара тизмеде дагы канча жаран бар жана Кыргызстандын ЕАЭБке мүчө болуп кириши менен эмгек мигранттарына кандай жеңилдиктер пайда болду?

Жыл башында Орусиянын кара тизмесине илингендердин саны 116 миңге жакын болсо, азыр бул көрсөткүч 84 миңди түзүүдө. Ошондо, кара тизмеден 32 миң жаран чыгарылып, 30 пайызга кыскарды. 

Кыргызстан ЕАЭБке мүчө болуп киргенден тарта мигранттардын иши жүрүшө баштады. Көпчүлүк транспорт чөйрөсүндө иштегендиктен, Орусияда эмгектенген кыргызстандыктардын улуттук айдоочулук күбөлүгү менен унаа башкарууга укук алуусун да эки мамлекеттин кызматташуусунун жемиши катары бааласа болот. Мындан тышкары документтештирүү жагы да жеңилдетилген. 

Учурда 700 миңден ашык кыргыз жараны чет өлкөдө эмгектенет. Алардын 600 миңден ашыгы Орусияда, Казакстанда 35 миң, Түркияда 30 миң, Италияда 5,5 миң, Түштүк Кореяда 5 миңдей, Германияда дагы 5 миң, Араб Эмираттарында 3-5 миңге чейин, Англияда 2 миңдин тегерегиндеги мекендешибиз бар. Ал эми АКШда канча кыргыз жараны бар экендигин тактоо боюнча иштер жүрүүдө. Болжол менен ал жактагы жарандардын саны 5 миңди чамалашы мүмкүн.

ТИМдин маалыматында, учурда жүк-200дү учак менен акысыз ташуу маселеси боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. 2017-жылы чет өлкөдө 238 жаран каза болгон. 

Материалды жакшы жаңылык менен аяктасак. Быйыл эмгек мигранттары туулган жериндеги үйүнө которгон каражат 2 миллиард долларды чапчыды.