Жаңылыктар
Кыргызстандык жаш хоккейчилер АКШ өткөн мелдеште алтын медаль утушту
Спорт
Кыргызстандык жаш хоккейчилер АКШ өткөн мелдеште алтын медаль утушту

Хоккей боюнча Бишкектин өспүрүмдөр курама командасы АКШда өткөн эл аралык Barrington Ice Arena 2017 кубогунда алтын медаль утушту.

Бүгүн, 5-декабрда эртең менен 2008-жылы жана андан кийинки жылдарда туулган өспүрүмдөрдөн куралган Кыргызстандын командасы турнирде «Ice Dogs» командасы менен финалдык мелдеш өткөрүштү.

Бул турнирдин 2-декабрдагы дебюттук мелдешинде бишкектиктер аталган клубдун экинчи курамына 7:11 эсебинде утулган.

Финалдык мелдеш өтө курч маандайда өтүп, негизгии убакыт 5:5 эсебинде аяктады. Буллит чабуу (айып сокку) учурунда кыргызстандыктар жеңишти камсыздап, алтын медалды утушту.