Жаңылыктар
Литвада жоголгон кыргызстандык адамдын жансыз денеси табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Литвада жоголгон кыргызстандык адамдын жансыз денеси табылды

Литвада дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жараны Николай Хлебаевдин денеси табылды.

ТИМдин маалыматына караганда, Литванын Куанас шаарынан Клейпеда шаарына бара жаткан жолдо 28-ноябрь күнү жоголгон жаран жөнүндөгү маалыматты Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилиги тактады.

«4-декабрда Куанас аймактык полициясынын комиссариаты менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Н.Х. зомбулуктун айынан каза болгондугу белгилүү болду. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, шектүү бар», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 4-декабрда Литвада Кыргызстандын жараны Николай Хлебаев дайынсыз жоголгондугу кабарланган.

Маалыматка караганда, 64 жаштагы Н.Хлебаев жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеп жаткан. Ал 28-ноябрда аталган өлкөнүн Каунас—Клайпед жолунда жоголгон. Ал көк түстөгү «Mercedes-Benz Arctic» (катталган номуру S 5777 J) үлгүсүндөгү унааны башкарган.

Унаа 1820 SCP номурлуу чиркегичи, рефрижератор (муздаткыч маишнанын бир бөлүгү) менен болгон. Н.Хлебаев акыркы жолу 28-ноябрда саат 16:25те байланышкан. Ошол мезгилден бери андан жана ал башкарган унаадан кабар жок. Полиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жаткан. Бирок жыйынтык чыга элек болчу.