Жаңылыктар
Атамбаев эс алуудан кийин Кыргызстанга келди
Кыргызстан жаңылыктары
Атамбаев эс алуудан кийин Кыргызстанга келди

4-декабрда экс-президент Алмазбек Атамбаев эс алуудан кийин Кыргызстанга келди.

А.Атамбаев 20-ноябрда акыркы маалымат жыйынын берип жатканда Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинен кийин дароо эс алууга кетерин билдирген.

«Акыркы 6 жылдан бери жумуштан абдан чарчадым. Инаугурациядан кийин дароо 2 жумага эс алууга кетем. Бирок мага жаңы шайланган президентке кеп-кеңештерди айтып турууну сунуштап жатышат», - деген экс-президент.

Белгилүү болгондой, ал ант берүү аземинен кийин бир нече күн өткөн соң эс алууга учуп кеткен. Бүгүн ал Азия өлкөлөрүнүн биринен эс алуудан келди.