Жаңылыктар
Түркияда кыргызстандык келин көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду
Кырсык
Түркияда кыргызстандык келин көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду

Түркиянын Бурса шаарында кыргызстандык келин каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлгинин басма сөз кызматынын билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал көп кабаттуу үйдөн кулаган. Аталган маалыматты Стамбулдагы башкы консулдук тактап жатат.

Түркиянын haberler.com басылмасы 27 жаштагы Г.Р. 3-кабаттан кулап каза болгондугун кабарлады. Анын артында баласы калды.