Жаңылыктар
Ош шаарында «Манас» эпосунун жумалыгы башталды
Билим
Ош шаарында  «Манас» эпосунун жумалыгы башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын катчысы Искендер Камчиев билдирди.

Аталган жумалыктын алкагында бала бакчаларды тарбияланып жаткан балдар арасында «Манасым – менин мурасым» аттуу ураанда манас айтуу, «Манас – балдардын көзү менен» аттуу сүрөт тартуу жарышы жана анын галереясын уюштурулат.

Ал эми, мектептерде «Манас жумалыгынын» алкагында алп манасчы С. Орозбаковдун 150 жылдыгы жыйынтыкталып, дагы бир залкар манасчы Ж. Мамайдын 100 жылдыгын утурлай көргөзмөлөр, талкуулар уюштурулат. Андан сырткары мектеп окуучуларынын арасында «Аталардын алгы сөз, айтылбаса дат басат» аттуу беш багытта сынактар өтмөкчү.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын билдирүүсүндө, мектептерде өтүп жаткан бул сынактардын шаардык баскычы, Ош шаарынын мэриясынын макулдугу менен жакынкы арада уюштурулмакчы.

Эске салсак, 2015-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Манас» эпосунун күнүн 4-декабрда белгилөө жөнүндөгү атайын токтому чыккан.