Жаңылыктар
Караколдо балдарга аяр мамиле кылуу бөлмөлөрү ачылды
Аймак
Караколдо балдарга аяр мамиле кылуу бөлмөлөрү ачылды

Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүндө жана сотунда балдарга аяр мамиле кылуу боюнча атайын бөлмөлөр ачылды. Аталган бөлмөлөр 2014 – 2018-жылдарга Балдар үчүн юстиция боюнча мамлекеттик программанын алкагында ачылды.

Балдар үчүн натыйжалуу сот адилеттигин моделдештирүү 2014 – 2018-жылдарга Балдар үчүн юстиция боюнча мамлекеттик программасында каралган. Программа мыйзам менен тил табыша албай жаткан балдар үчүн, кылмыштын курмандыгы жана күбөсү болгон балдар үчүн аяр мамиле жасаган жол-жоболорду иштеп чыгуу максатын көздөйт. 

Эл аралык стандарттарга ылайык, мыйзам менен тил табыша албай жаткан балдар үчүн калыбына келтирүүчү сот адилеттигинин ыкмаларын жана балдарга аяр мамиле жасаган жол-жоболорду колдонуу керек. Балдар административдик жана жарандык жол-жоболордо юридикалык консультациялар жана акысыз юридикалык жардам аркылуу сот адилеттигине жете алышат.

Балдарга аяр мамиле кылуу бөлмөлөрү ЮНИСЕФтин көмөгү жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин (DFID) каржылык колдоосу менен "Ынтымактуу жана инклюзивдүү жамааттардын келечеги үчүн жаштардын туруктуулугун арттыруу" программасынын алкагында түзүлгөн.

Иш-чарага Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Робин Орд-Смит жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо катышууда.