Жаңылыктар
Ошто окуу жайлардын биринде болгон мушташтан студент каза тапты
Кылмыш
Ошто окуу жайлардын биринде болгон мушташтан студент каза тапты

Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде 1-курста окуган студент мушташтын айынан каза тапты. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.

Билдирүүгө таянсак,  студенттин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголуп, окуянын себептери иликтенип жатат.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, окуя 3-декабрда болгон. Бир нече студент чырдаша кетип, чырдын аягы мушташка айланган. Натыйжада чатактан улам токмок жеген 17 жаштагы 1-курстун студенти катуу жабыркаган. Ал ооруканага жеткирилгенден кийин көз жумган.

Учурда бардык күнөөлүү тараптарды жоопкерчиликке тартуу жагы каралууда.