Жаңылыктар
Борбор калаадагы унаа токтотуучу жайларды ирээтке келтирүү зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаадагы унаа токтотуучу жайларды ирээтке келтирүү зарыл

Борбор калаадагы унаа токтотуучу жайларды тезинен ирээтке келтирүү зарыл. Мындай демилгени көтөрүп чыккан Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, бул кадамга өткөн жумада калаа ичиндеги унаа токтотуучу жайлардын абалын текшерип чыккадан кийин келген. 

Бул максатта алар бүгүн жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, окуу жайлардын алдындагы токтоп турган унааларды канткенде ирээтке келтирүү маселесин биргелешип чечүү жагын карады.

Айта кетсек, Бишкектеги айрым жогорку окуу жайлардын жагдайды ордуна келтирүүгө шарты бар болсо дагы негедир ушул кезге чейин аткарылбай келген. Мындан улам, жол коопсуздугун сактоо кызматкерлери, шаардык мэрия жана шаардык кеңештин депутаттары, ар бир окуу жай өзүнө караштуу жерлерден унаалар үчүн атайын орун караштырышы керек деген жыйынтыка келишти. 

Бул маселе оңунан чечилип калса, анда башка мекеме-ишканалардын да унаалар токтолуучу жай тууралуу маселелерин чечүү жагы каралат.