Жаңылыктар
Сузакта окуучуларды сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө
Кырсык
Сузакта окуучуларды сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

3-декабрдан 4-декабрга караган түнү, Сузак районунун Чолок-Терек айылында 9-класстын 5 окуучусун унаа коюп кетти. 3 окуучунун акыбалы азыр жакшы. Тилекке каршы, балдардын экөөсү качканга үлгүрбөй калган. Бири кырсык болгон учурда каза болуп, экинчичси ооруканага оор абалда жеткирилген. Кырсыктын себепкери болгон айдоочу жабыркаган балдарга жардам бергендин ордуна изин жашырып, качып кеткен.

Октябрь аймактык ооруканасына 4-декабрга караган түнү саат ондор чамасында, кырсыкка кабылгандардын бири Аман Болотбек уулу келип түшкөн. Муну уккан Амандын апасы тезинен ооруканага жетип келген. Аида Бекташованын айтымында, уулу достору чакырып жатканын айтып, саат 20:00дөр чамасында жолго чыгып кеткен.



Аман ооруканага келип түшкөндө ага дарыгерлер тиешелүү медициналык жардам көрсөтүп, ички органдарына операция жасалган. Дарыгердин айтымында, Амандын ички органдарынан бөйрөгү жабыркап, баш мээси чайкалып, оң балтырындагы сөөгү сынып кеткен.

Милиция билдиргендей, Кара-Чолок айылындагы №54 Ысмайыл атындагы орто мектебинин 9-классындагы 5 окуучусу жол четинде бара жаткан учурда, Казарман тараптан келе жаткан «Нива» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, балдарды койдуруп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жеринде балдардын бири каза болгон. Бирок унаанын айдоочусу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Учурда жоопкерчиликсиз айдоочуну издеп табуу иштери жүрүүдө.