Жаңылыктар
Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуулар арасында кароо сынак өттү
Маданият
Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуулар арасында кароо сынак өттү

Жалал-Абад облусунда мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуулар арасында кароо сынак өттү. Иш-чарага облустун бардык район, шаарларынан 120дан ашык катышуучу келип, манас айтып, ыр-бийлерди жана башка түрдүү өнөрлөрдү аткарышты. 

Иш-чаранын соңунда мыкты талантын көрсөткөн командага сыйлыктар тапшырылды. 

Андан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелген балдар-кыздардын колунан жаралган ар түрдүү буюм-тайымдардын жарманкеси көргөзүлдү. Саамалык 3 - декабрь - Майыптардын бүткүл дүйнөлүк майрамына карата уюштурулду.