Баш калаанын инфратүзүмүн жакшыртууга карата дагы бир кадам жасалды. Калкы менен кошо аянты көбөйүп бара жаткан Бишкек шаарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана канализацияга кошуу багытындагы долбоор ишке кирди. Шаардын түштүк жана түндүк аймагына таза суу берчү “Орто-Алыш” суу топтомунда жаңы скважиналарды казуу жумушу башталды.
Бул долбоор узак мөөнөттүү кызматташуунун жемиши. Швейцария өкмөтү менен Европалык өнүктүрүү банкы 16 миллион евро бөлүп, ал каражатка жасалчу бир топ жумуш камтылган. Анын эң маанилүүсү жер алдынан таза суу чыгаруу. Скважинаны бургулоонун башталышы салтанаттуу түрдө өттү. Жумушту аткаруу милдетин тендерден утуп алган Кытайлык компания мойнуна алган.