Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл пункттарында кезек күткөн фуралар жок
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл пункттарында кезек күткөн фуралар жок

Мындай абал 2-декабрда эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары Астана шаарында жолугуп, кыргыз-казак чек ара участогундагы кайчы пикирлерди жөнгө салуу үчүн «Жол картасын» талкуулагандан кийин болду. 

Акыркы бир жарым ай ичинде эки өлкө ортосунда кайым айтышуулар бир нече ирет күчөп, маселе бир топ эле саясатташканы да байкалды. Эми болсо, көптөн күткөн күн да келип, кыргыз-казак өкмөттөрү келишип, жол картасына кол коюлуп, чек аралар ачылды.

Акыркы эки айдан бери Ак Тилек өткөрмө бекетинде узун кезек күткөн оор жүк ташуучу унаалар бүгүн жок. Өзүңүздөр көрүп тургандай, кыргыз тарап дагы казак тарап дагы учурда кадимки тартипте иштеп жатат. Мындай абал 3-декабрдын түнүнөн баштап киргизилген.