Жаңылыктар
Таластын жаш тургуну Бексултанга өкмөт башчынын белеги тапшырылды
Маданият
Таластын жаш тургуну Бексултанга өкмөт башчынын белеги тапшырылды

Таластагы Атай Огомбаев айылынын жаш тургуну Бексултанга өкмөт башчы Сапар Исаковдун белеги тапшырылды. Бишкектен келген белек Бексултандын республикалык майып балдар аралык шахмат чемпиондугунда биринчи орунду алгандыгы үчүн берилди. Жаш чемпиондун бул ийгилигин айылдаштары, классташтары, жакындары, мугалимдери кубаныч менен бөлүштү.

Машыктыруучулардын айтымында, таластагы жаш шахматчылардын республикалык таймаштарга катышуусуна кеткен чыгымдары ата-энелердин колдоосу менен ишке ашып жатса, республикадан тышкаркы мелдештерге шахмат федерациясы колдоо көрсөтөт. Мындай колдоо таластык жеткинчектер арасында алдынкы орундарды камсыз кылууга өбөлгө түзүп жатат.