Жаңылыктар
Сот реформасы
Кыргызстан жаңылыктары
Сот реформасы

“Aла-Арча" мамлекеттик резиденциясында сот реформасы боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда Кыргызстандагы сот тармагындагы реформанын жүрүшү жана тиешелүү мыйзам долбоорлору каралууда.

Сот реформасы боюнча кеңештин мүчөсү Чынара Мусабекова, жумуш топ азыркы мыйзамдарга бир нече өзгөртүүлөрдү сунуштап жатканын айтты. Маселен, талапкерлерге беш жылдык эмгек тажрыйбасы болсун деген талап жоюлат. Талапкердин толук юридикалык билими болушу шарт, кыска убакытта алынган диплом жарабайт. 

Мындан тышкары кылмыш иши козголгон болсо да талапкерликке кабыл алынбайт. Сотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизилип, ага мүчөлөрдү ушундай эле талап менен кабыл алуу сунушталууда. 

Cот реформасы боюнча кеңештин башка мүчөсү Качыке Эсанканов, мындан сырткары жаңы мыйзамдарга сот арачыларынын санын кыскартуу, сотторду окутуу борборун - соттордун жогорку мектеби кылып түзүү, ошондой эле судьялардын квалификациясын жогорулатууга багытталган өзгөртүүлөр демилгеленип жатканын кошумчалады.