Жаңылыктар
Жаш акын Темирлан Сейитбековдун алгачкы ырлар жыйнагы жарык көрдү
Маданият
Жаш акын Темирлан Сейитбековдун алгачкы ырлар жыйнагы жарык көрдү

Жаш акындардын катарын толуктап, поэзия дүйнөсүнө кадам таштаган Темирлан Сейитбековдун жакында "Темир канат" аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көрдү.

Китептин бет ачары Кыргыз Улуттук университетинен башкы имаратындагы залда болуп, ага белгилүү акындардан Карбалас Бакиров, Жолдошбек Бусурманкулов, Зайырбек Ажыматов, Нурлан Калыбеков жана жаш акындардын бири Бердибек Жамгырчиев катышты. 

Поэзия кечеси ыр окуу менен эле чектелбестен, китептин ичиндеги төрт-беш ырга атайын маани-мазмунуна жараша видео-ролик тартылып, ошолор да көрсөтүлдү. 

Ал эми, жаш акын Темирлан Сейитбеков, китебинин аталышы тууралуу

Китептин "Темир канат" деп аталып калышынын бирден бир себеби менин жаштыгым! Кыргызда темир канат деп жаңы талпынып уча турган канаттуулардын балапанын айтып келишет эмеспи. Мен да поэзия дүйнөсүнө, ыр дүйнөсүнө жаңыдан гана келип жатам. Бирок, китептин ичиндеги ырларды  жаштык кез менен жазылган деп айтуудан алысмын. Ырларым кандай деңгээлде экенин эл таразаласын, окурман баасын берсин,- деп кошумчалап кетти.

Темирлан Сейитбеков учурда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын  Маалымат чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмесинде кабарчылык кызматты аркалап, "Телекүзөт" берүүсүн эфирге даярдайт. 

Чогуу иштешкен кесиптештери дагы поэзия кечесине катышып, Темирландын чыгармачылыгына ийгилик каалап, жылуу пикирилерин калтырышты.