Жаңылыктар
Бишкекте Чыңгыз Айтматов жана Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган эскерүү кечеси өттү
Маданият
Бишкекте Чыңгыз Айтматов жана Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган эскерүү кечеси өттү

12-декабрь Кыргызстандын улуттук адабият күнү. Бул күндүн урматына утурлай Бишкектеги №15 мектепте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана акын Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган эскерүү кечеси өттү. 

Иш-чара мектеп администрациясы жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгында уюштурулду. Окуучулар жазуучу менен акындын чыгармаларын аткарышып, кыргыз адабиятындагы алардын орду толгус эмгектерин айтып беришти. 

12-декабрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлгөн. Ушул эле күнү акын Алыкул Осмонов дүйнөдөн өткөн. Белгилей кетсек 2011-жылы Жогорку Кеңеш 12-декабрды Улуттук адабият күнү деп белгиленген. Улуттук адабият күнүндө жазуучулар менен жолугушуулар өткөрүлүп, мыкты жазуучу жана драматургдарга сыйлыктар берилет.